www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча күч түзүмдөрүнүн маалыматы угула турган Жогорку Кеңештин жыйынына УКМКнын, прокуратуранын өкүлдөрү келген жок. Ошондой эле отурумга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан жок.

«Жогорку Кеңешке мындай мамиле болбошу керек. Жогорку Кеңешке өкмөт үйүнөн бери 5 мүнөттө эле жетет. УКМК менен прокуратурадан келишкен жок. Ички иштер министринин орун басары келди. Ошону угалы», - деди Наталья Никитенко («Ата Мекен»).

Жогорку Кеңештин төрайымынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева УКМК бул ишке катыштыгы жок болгондуктан жыйынга келишпегенин билдиргенин айтты.

Жыйынга ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости