www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Армениянын өкмөтү 2-августта отставкага кетет. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн учурдагы курамынын акыркы жыйыны өттү. Армениянын Конституциясына ылайык, Улуттук жыйындын тогузунчу чакырылышы түзүлгөнүнө байланыштуу өкмөт жекшемби күнү кызматтан кетүү тууралуу арыз берет.
Өкмөт отставкага кеткенден кийин өлкөнүн президенти парламенттеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн талапкерди премьер-министр кылып дайындайт. Учурда парламенттеги көпчүлүктү бийликтеги «Жарандык келишим» партиясы түзөт.
Армениянын жаңы чакырылыштагы Улуттук жыйыны 2-августта ишин баштайт. Андан кийин жаңы өкмөттү түзүү жараяны башталат.