www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын Тергөө комитети премьер-министр Никол Пашинянды өлтүрүүгө даярдык көргөн деп шектелген адам кармалганын билдирди.

Кармалган адам М.М. аттуу жаран болгон. Ага карата саясий себептер менен мамлекеттик ишмерди бир нече адам болуп өлтүрүүгө даярдануу жана шайлоо алдындагы үгүт иштерине тоскоолдук кылуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши өкмөт башчысына карата коркутуулар айтылган жана беткапчан адамдар тартылган видео тарагандан кийин ачылган.

Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын 16-майында бир топ адам жалпы пайдалануу үчүн арналбаган интернет-платформадагы видео берүү мүмкүнчүлүгүнө уруксатсыз киришкен. Андан кийин ал кадрлар кеңири таратылган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, бул аракет 7-июнга белгиленген парламенттик шайлоонун алдында шайлоо алдындагы үгүт иштерине тоскоолдук жараткан.

Последние новости