www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын мурдагы биринчи айымы Анна Акопян кайрадан коомчулуктун көңүл борборуна түштү. Айрым армян сайттары жана социалдык тармактарда анын жетекчилигиндеги Менин кадамым фонду тууралуу бир нече видеоматериалдар жарыяланып, фондго Түркиядан миллиондогон долларлар которулганы, коррупцияга байланыштуу саясаттан четтетилгени жана оорулуу балдар үчүн бөлүнгөн каражаттарды өзүнө ыйгарып алганы тууралуу дооматтар айтылды.

Бирок Анна Акопян жана «Менин кадамым» фонду бул маалыматтарды толугу менен жалган, негизсиз жана жалаа катары четке какты. 

Фонд өз ишмердүүлүгүн Армениянын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөрүн жана бардык каржылык маалыматтар ачык жарыяланып турарын билдирди.

Ошол эле учурда бийликтеги Жарандык келишим партиясынын тарапкерлери бул материалдар партиянын шайлоодогу жеңишине көлөкө түшүрүү максатында даярдалганын белгилешти.

Эске салсак, Анна Акопян 2026-жылдын 27-февралында Никол Пашинян менен ажырашканын жарыялаган. Ошого карабастан, парламенттик шайлоодо премьер-министрди колдоону уланткан.

Последние новости