www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Патенти жок иштеген мигранттарга айып пул салынат

Чек ара аймактарында иштеген мигранттар милдеттүү түрдө патент алышы керек. Бул боюнча Мамлекеттик салык кызматы билдирүү таратты.

Салык кызматы Кыргызстандын иш берүүчү жарандарынан эмгекчи-мигранттарды жалдоодо алардан ыктыярдуу патент талап кылууга чакырат. Ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөсүз иш жүргүзүлгөнү аныкталса, Бузуулар жөнүндө кодекстин 57-беренесинин 2-бөлүмүнө жана 217-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, Ички иштер министрлиги 10 миң сом, Салык кызматы 3 миң сом айып салат.

Эске салсак, 2021-жылдын апрелинен тартып өсүмдүк өстүрүү, курулуш жана мал чарба, ошондой эле жекече тейлөө боюнча башка кызматтарды көрсөтүү жааттарында иштөө үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жалданган чек ара аймактарындагы эмгек мигранттар ыктыярдуу патенттин негизинде иштей алышат. Патентти аймактык салык органынан сатып алуу керек. Патенттин суммасы 30 календарлык күн үчүн 800 сомду түзөт.

Мында, чек ара жанындагы эмгекчи-мигранттар Кыргыз Республикасынын салык салуу жана тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында визасыз режимди колдонуу мөөнөтү ичинде патенттин негизинде жеке эмгек ишмердигин жүргүзө алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости