www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапар Исаковдун орду Москвада эмес, түрмөдө!

Россия менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөш, ЖККУ, ШКУ, КМШ, ЕврАзЭс сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар боюнча шериктеш. Эки өлкөнүн ортосундагы ички байланыштарды жөнгө салуу боюнча мүмкүн болгон, эл аралык мамилелерде колдонулган документтердин бардыгына колдор коюлган. Өнөктөштөрдүн, шериктештердин арасында жазылган жана жазылбаган мыйзамдар боюнча бир өлкөнүн аймагындагылардан бирөөлөр экинчи өлкөнүн расмий бийлигине каршы иштерди жүргүзсө, өнөктөштүктүн, шериктештиктин нормаларына ылайык келбеген жорук, иш катары эсептелет. Андай адамдар адатта өз жараны болсо, жазаланат, башка өлкөнүн тургундарынан болсо, ошол замат депортацияланат.

Мына ушул өңүттөн алганда, мурдагы премьер-министр ири коррупциялык кылмыштар боюнча айыпталып, өткөн жылдын октябрь айында түрмөдөн качып чыгып, азыр Россияда жашырынып жүргөн Сапар Исаковдун социалдык тармактар аркылуу трайбалисттик, кландык көрүнүштөргө басым жасоо аркылуу Кыргызстандын азыркы бийлигиндегилерди шыбап, ага каршы элди кайраштырып, шыкактап жатканы биринчиден, укуктук жактан да чектен чыккан көрүнүш болсо, экинчи жагынан, аны көрмөксөн болуу Россиянын өкмөтү үчүн өнөктөштүктүн духуна, салтына ылайык келбеген жорук.

С.Исаков өзүн Кремлдин, Москванын ж.б. башка белгилүү жерлеринин фондорунда сүрөттөргө түшүп, өзүн Россиянын бийлигиндегилер колдоп, келечектеги кийинки президент катары көрүп жатышкандай көрсөтүүгө далалаттанып жатканын жан сактоонун аргасы деп коёлу, бирок анын андай жоруктарына Россиянын тийиштүү кызматтарынын таптакыр реакция жасашпаганы түшүнүксүз. Же С.Исаковдун Москвада жатып алып кылгандарын биздин тийиштүү кызматтагылар Россиянын атайын кызматтарына билдирбей, тийиштүү талаптарды койбой жатышат же анын артында кандайдыр бир саясый оюн да болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да Кыргызстандын расмий бийлиги, тийиштүү кызматтары Сапар Исаковду кармап, депортациялоо жөнүндө талап койгонго милдеттүү эле, бирок эмнегедир андай болбой жатат.

2020-жылдын октябрында бийлик алмашканы АКШга, Батыштагылардын көбүнө жакпады. Ошон үчүн алар бул жердеги грант жегичтерге акча бөлүп, пикеттерди, митингдерди уюштуруп, жалданма ЖМКларда кара пиарларды күчөтүп, азыркы бийликтегилерди жаманатты кылып, кетирүүгө далалаттанып жатышкандары эч кимге жашыруун эмес. Баткендеги кандуу окуяларда Кыргызстандын бүткүл эли жабыр тарткандарга жардамдашып, материалдык, моралдык колдоолорду көрсөтүүгө жапырт көтөрүлүштү. Бир гана өлкөдөгү өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери, өкүлдөрү эч кандай реакция жасашпады же атышуулар, кан төгүп, үйлөрдү, коомдук жайларды өрттөөлөр башка материкте болуп жаткандай кайдыгер көз салып турушту.

Анткени, алардын сырттагы кожоюндары тарабынан ага акча бөлүнбөдү, акча бөлүнбөсө биздеги НПОшниктер кыямат кайым келе жатса деле кыймылдашпайт. Ушундан улам алар чынында эле «биздин өлкөнүн жарандарыбы же дилдерин, мекенчилдик жана боордоштук сезимдерин да акчага сатып жиберип, жан дүйнөлөрү грант бергичтерди гана ойлогон саткындарбы?», - деген мыйзам ченемдүү суроо пайда болот. Эгерде Кыргызстан жөнүндө анча-мынча жакшы сезимдери калышса, эмне үчүн өлкөнүн башына кара булут айланып турганда бири да козголбоду?

Демейде бир адамдын укугун талашып ыйлап чыккандар жалпы өлкөнүн эгемендик укугуна доо кетип жатканда неге өз сөздөрүн айтышпады?

Алардын башка өлкөлөрдүн тыңчыларына, бешинчи колоннадагыларына айланып калгандыгы ушундан эле көрүнүп турбайбы!

Сапар Исаков Кыргызстанда бийлик алмашмайынча, АШАга ыктаган бирөө мамлекет башына келмейинче аларга биздин өлкөдө орун жоктугун эң сонун билет. Анын үстүнө «Кумтөр» иши боюнча анын күнөөсү эбегейсиз экендиги, «Суу кодексине» өзгөртүүлөрдү киргизип, мөңгүлөрдүн эришине жол берүүдө кыргыз элине кыянаттыгы чоң экендиги белгилүү болду. Ошондуктан, ал социалдык түйүндөр, айрым ЖМКлар аркылуу азыркы бийликтегилерге каршы кара пиарды күчөтүп, элди ачыктан ачык эле төңкөрүшкө чакырууда. Аны колдоочулар НПОшниктердин, депутаттардын жана мыйзамсыз байыгандардын арасында аз эместиги да чындык. Анткени, алардын жарымы жегендеринин бир бөлүгүн кусканга аргасыз болушса, калгандары: «бизге да эртели-кеч Ташиевдин укуругу жетет», - деп кыйпылыктап отурушат.

Алар Ташиев менен Жапаровду бийликтен кетирүү үчүн байлыктарын ж.б. ресурстарын канча болсо да жумшаганга, сарптаганга, кимдин да болсо куйругуна жабышканга даяр турушат. Көбүнүн көргүлөрү келбесе да ушул кызыкчылыктан улам Сапар Исаковду, бул жердеги анын тилектештерин колдошууда.

Сапар Исаков жаза мөөнөтүн өтөп жатып, деструктивдүү күчтөрдүн жардамы аркасында түрмөдөн качып чыгып, куйругун карматпай жүргөн рецидивист. Ал жана аны каржылык жактан колдоп жаткан Албек Ибраимов баштагандар кармалып, тийиштүү жайларына киргизилмейинче, алар элди бузуп-жарып, мыйзамсыз иштерге чакыра беришет.

Автандил Белеков

Р.S. Баса, учурда Москвада күн кечирип, социалдык тармактар аркылуу кыргыз элине акыл үйрөтүп, өзүн кристаллдай таза кылып көрсөтүп жаткан экс-премьер Сапар Исаковдун былыгынан «чылыгы» көп тура. «Кумтөр» маселеси Жогорку Кеңеште каралганда, Сапар Исаковдун канчалык «Центерранын» кызыкчылыгын коргогондугу маалым болду.

«Кумтөрдүн» ишмердигин иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын маалыматына ишенсек, Сапар Исаков өкмөт башчы болуп турганда, «Кумтөр Голд Компани» менен Стратегиялык келишим түзүп, ага ылайык, канадалыктарга коюлган 22,5 млрд. сомдук доо артка кайтарылып алынган.

Тагыраак айтканда, аталган келишимде «Кыргыз өкмөтү «Центеррега» койгон доолорунан биротоло баш тартат. Өкмөт «Центерра» менен «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргойт», - деп жазылган. Муну менен өкмөт экологиялык зыяндардын ордун толтурууга кызыкдар эместигин көрсөтүп, өз ыйгарым укугунан ашкере пайдалануу менен соттордун функцияларын да өзүнө алып алган. Социалдык тармактар аркылуу активдүү болуп жаткан Сапар Исаков буга эмне деп жооп берет? Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык иштерде өзүн актап-жактаганды коё туруп, «Кумтөрдөгү» саясий коррупция, ага өзүнүн катыштыгы боюнча жооп берсин.

Булак: Майдан. Kg гезити

Последние новости