www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Тажикстанга барат

Россиянын президенти Владимир Путиндин Тажикстанга боло турчу иш сапары сентябрь айына пландалган. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин билдирди.

Ал Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына барган Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту.

«Бул жылы эки тараптуу байланыштын күн тартибиндеги негизги пункт болуп Россиянын президентинин Тажикстандагы расмий сапарына даярдануу жана өткөрүү болуп саналат. Ал сентябрь айынын экинчи декадасына дайындалган», - деди Мухриддин.

Бүгүн, 19-майда Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтүүдө. Ага Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин төрагалык кылат.

Иш-чарага ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась, Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Россия жана Армениянын тышкы иштер министрлери катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости