www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖРТ тапшырууда шылуундар ортодон акча табууну көздөп жатышат

Жалпы Республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) упайын акчага сатууну сунуштаган шылуундар пайда болду. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жеткечиси Чынара Батракеева билдирди. Ал ЖРТнын упайын сатып алуу мүмкүн эмес экенин белгилеп, жарандарды шылуундарга ишенбөөгө чакырды.

ЖРТнын упайын акчага сатуу боюнча «Телеграмда» атайын тайпа түзүлгөн. Ал жерде упайларды саткан команда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун жана билим берүү министрлигинин өкүлдөрү экени жазылган. Тайпада белгилүү бир упай үчүн тийиштүү баа көрсөтүлүп, төлөм жолдору белгиленген.

«Шылуундардын ЖРТнын упайын сатуу боюнча кылып жаткан иштери элдин жалпы республикалык тестирлөөгө болгон ишенимин төмөндөтөт. Шылуундар ортодон акча табууну көздөп жатышат. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору жана билим берүү министрлигинин кызматкерлеринин ЖРТнын упайларын өзгөртүп, бөлүштүрүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Бул иштер түздөн түз алдамчылык», - деди ал.

Батракееванын айтымында, тесттин жооп ачкычтары алдын ала чыгарылбайт. ЖРТнын туура жооптору атайын процедуралардын негизинде өлкө боюнча ЖРТ толук бүткөндөн соң чыгарылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости