www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте  олимпиадалык оюндарды өткөзөбүз деген талапкерлер Японияда оюндар өтпөй жатканын билишет болду бекен? Жакшы аткарылбаган идеялар шайлоо алдында жаралып, кумга сиңген суудай болуп «жылт» эте коюп жок болуп кетип жатат. Бишкек шаардык Кеңешине депутаттыкка кээ бир талапкерлер Бишкек шаарын өнүктүрүп, өстүрүп  2040-жылы боло турган жайкы олимпиадалык оюндарды Бишкек шаарында өткөзөбүз деген убадаларды бере баштаган. Бул талапкерлердин оюу жакшы, арийне, элди алдап убада берип жатышкандары сезилип турат. Себеби, дүйнөдөгү мен олимпиада өткөзөм деген алдыңкы шаарлар, Бишкектин өнүгүшүн күтпөй эле, эбакта эле өнүгүп, 2040-жылы боло турган жайкы олимпиадаларды өткөрө тургандардын тизмесине кирип алышкан. Алар депутатка талапкерлердин оюу боюнча Бишкек шаарынын өнүгүшүн күтпөйт экен. Анткени, олимпиада боло турган шаар алдын-ала он беш -жыйырма жыл мурун эле чечилет. 2040-жылы жайкы олимпиадалык оюндарды өткөзөбүз дешип, дүйнөлүк эң кыйын шаарлар атаандашып турат. Эл аралык олимпиадалык комитетте деле Бишкекте 2040-жылы олимпиадалык оюндарды өткөзөбүз десе бышкырып коюшат. Бишкек шаары эмес мурунку СССРдин курамындагы Алматы, Ташкен, Киев, Минск, Баку сыяктуу чоң шаарларында өтө элек.

Японияда олимпиадалык оюндар өтөбү?

Коронавирус илдетине байланыштуу 2020-жылы Японияда өтө турган жайкы олимпиадалык оюндар кечиктирилип өтпөй жатат. 2021-жылы да Японияда медицина кызматкерлеринин абройлуу биримдиги өлкө бийлигин жайкы Олимп оюндарын өткөрбөө чакырыгын колдоп чыкты. Токиодо спорттук мелдешти өткөрүүгө үч айдай убакыт калганда коронавирус инфекциясынын өсүшү байкалууда. Катарында алты миңге жакын «Тез жардам» кызматынын жумушчусу бар Токиодогу дарыгерлер бирикмеси өлкөдө коронавирус жуктургандар көбөйүп, баш калаадагы ооруканалар бейтаптарга толуп калганын белгиледи.

«Биз бийликтен Эл аралык олимпиада комитетин спорттук мелдештерди өткөрүү оор экенин ынандырып, андан баш тартууга жетишүүсүн суранабыз», - деп айтылат япон премьер-министри Ёсихидэ Сугеге жолдонгон ачык катта. Буга чейин мындай тынчсызданууну башка медициналык топтор менен саламаттыкты сактоо тармагындагы эксперттер да билдиришкен. Учурда япон өкмөтүн Олимп оюндарын өткөрүүдөн баш тартууга чакырган онлайн-петицияга жүз миңдеген киши кол койду.

Япония COVID-19 илдетине байланыштуу жагдай башка мамлекеттерге салыштырмалуу түзүк болгону менен япон өкмөтү өлкөдө эмдөө өнөктүгү жай жүрүп жатканынан улам сынга кабылып келет. Учурда өлкө калкынын 3,5% гана эмдөөдөн өттү. Айдын башында өкмөт коронавирус инфекциясынын жайылуусун басаңдатуу үчүн баш калаа Токио баштаган үч префектурада өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн 31-майга чейин узарткан. Премьер Ёсихидэ Суга вирустун жайылуусун токтотуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлсө, Жапония эл аралык мелдештерди коопсуз өткөрө аларын билдирүүдө. Токиодо жайкы Олимпиа оюндары пандемиядан улам өткөн жылы болбой калган.

Олимпиадалык оюндар

Олимпиадалык оюндарга кыргызстандык спортчулар да катышып келатат. Ал эмес 1980-жылы Москвада өткөн олимпиадалык оюндарда Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча олимпиаданын чемпиону болгон. Акыркы жолу 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы олимпиадалык оюндарга кыргызстандык белгилүү ишкер Аскар Салымбеков күйөрман катары катышканы белгилүү. Талапкерлердин пикирин колдосо болот, балким Салымбеков Бишкекти 2040-жылкы олимпиадалык оюндардын борборуна айланткысы келип жүргөндүр.

Жайкы олимпиадалык оюндар Пьер-де-Кубертендин демилгеси менен 1896-жылы башталып, отуз экинчи оюнун Токиодо өткөзө албай турат. Төрт жылда бир жолу боло турган оюндар кайсы шаарларда өткөн:

1. Афины, Греция, 1896;

2. Париж, Франция, 1900;

3. Сент - Луис, АКШ, 1904;

4. Лондон, Улуу Британия, 1908;

5. Стокгольм, Швеция, 1912;

6. Биринчи дүйнөлүк согушка байланыштуу өтпөй калган;

7. Антверпен, Бельгия, 1920;

8. Париж, Франция, 1924;

9. Амстердам, Нидерланды, 1928;

10. Лос-Анжелес, АКШ, 1932;

11. Берлин, Германия, 1936;

12. 13. Дүйнөлүк экинчи согушка байланыштуу өткөн эмес.

14. Лондон, Улуу Британия, 1948;

15. Хельсинки, Финляндия, 1952;

16. Мельбурн, Австралия, 1956;

17. Рим, Италия, 1960;

18. Токио, Япония, 1964;

19. Мехико, Мексика, 1968;

20. Мюнхен, Германия, 1972;

21. Монреаль, Канада, 1976;

22. Москва, СССР, 1980;

23. Лос-Анжелес, АКШ, 1984;

24. Сеул, Түштүк Корея, 1988;

25. Барселона, Испания, 1992;

26. Атланта, АКШ, 1996;

27. Сидней, Австралия, 2000;

28. Афины, Греция, 2004;

29. Бээжин, Кытай, 2008;

30. Лондон, Улуу Британия, 2012;

31. Рио-де-Жанейро, Бразилия, 2016;

32. Токио, Японияда 2020-жылы өтмөк коронавирус илдетине байланыштуу 2021-жылга жылдырылган.

Олимпиадалык оюндар Улуу Британиянын Лондон шаарында үч жолу, Франциянын Париж шаарында, Грециянын Афины шаарында  эки жолу болгон. АКШда Сент – Луисте бир, Лос-Анжелесте эки жолу, Германиянын Берлинде бир, Мюнхенде бир, Австралиянын Мельбурнда бир, Сиднейде бир, Япониянын Токиодо бир жолу өткөн, экинчиси өткөнү турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости