www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу 19-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 18-майда Ош облусунун Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагында эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Ага Ош облусу боюнча жана Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал) аймагы боюнча өкүлдөр катышты.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында “чек аранын ошол тилкеси эл аралык-укуктук жактан аныкталып бүтмөйүнчө Унжу-Булак аймагындагы мамлекеттик чек ара сызыгын Кыргызстандын да, Тажикстандын да аскерлери кайтарбайт” деген чечим кабыл алынды.
Чек араны биргелешип кайтаруу эки тараптын макулдашуусунун негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн экени айтылды.
УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алайдагы бөлүктөрү кызматын кадимки тартипте жүргүзүүдө.
Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде, Ош облусунун Чоң-Алай району жана Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал) аймагы чектеш жердеги 18-майдагы окуя тууралуу маселе 19-майда Жогорку Кеңештин отурумунда да көтөрүлүп, депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасы маалымат беришин талап кылышты.
Ош облустук администрациясы бүгүн, 19-майда интернетте «Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караган аймактагы такталбаган жайытка тажик аскерлери техникасы менен кирип келди» деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Булак: NazarNews.kg