www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Свердлов райондук сотунда Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча соттук отурум аяктады. Бүгүн сот жараянына төрагалык кылган судья Санжар Чотонов айыпталуучуга өкүм чыгарды.
Алардын башчысы Жакупбек Дуулат уулу адам өлтүрүү жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот аны 16 жылга эркинен ажыратып, түзөтүү колониясында өтөө тууралуу өкүм чыгарды. Ошондой эле, жабырлануучуларга 576 миң сом материалдык чыгымды жана 100 миң сом моралдык чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирилет.
Юлия Сафонова, Абдималик Бекматов жана Эламан Базаркул уулу кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп табылды. Сот аларды жети жыл алты айга эркинен ажыратып, чыныгы жазаны үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл түрүндөгү шарттуу жаза менен алмаштырды.
Эске салсак, 2021-жылдын август айында Патрулдук милиция кызматынын кызматкери бир адамды атып салган. Чыңгыз Абдыраев алган жараатынан ошол жерден каза болгон. Кылмышка шектүү 4 адам, анын ичинде башкы айыпталуучу, Патрулдук милиция кызматкери Жакупбек Дуулат уулу кармалган.
Ошондой эле бул иш боюнча Патрулдук милиция кызматынын мурдагы кызматкерлери Юлия Сафонова, Абдималик Бекматов жана Эламан Базаркул уулу да бар. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жаткан.
Булак: NazarNews.kg