www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Telegram мессенджеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Франциядан чыгып, Дубайга бет алды. Бул тууралуу "Barron's" билдирди.
Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 13-мартында Франциянын соту Дуровго өлкөдөн чыгууга уруксат берген. Соттун чечиминин так шарттары айтылбаганы менен Дуровдун Дубайга кетиши юрисдикция, купуялуулук жана технологиялык компаниянын жетекчилеринин платформаларындагы мыйзамсыз иш-аракеттерге каршы күрөшүү жоопкерчилиги тууралуу талаш-тартыштарды кайра жаратты.
AFP агенттиги, белгисиз булактарга таянып "Ал (Дуров) бүгүн эртең менен Франциядан чыгып кетти", - деп билдирген. Айрым маалыматтардын айтымында, ага Францияны «бир нече жумага» чыгып кетүүгө уруксат берилген.
Эске сала кетсек, Павел Дуров былтыр 24-август күнү кечинде Париж аэропортунан кармалган. "Politico" басылмасынын маалыматына караганда, Франция өкмөтү Дуровду жана анын бир тууганы Николай Дуровду камакка алуу үчүн ордер 2024-жылдын 25-мартында берилген. Ага себеп, "жашы жете электердин порнографиялык сүрөттөрдү тарткатууга, пайдаланууга ыңгайлаштырып шарт түзгөн" деген айып тагылган.
26-август күнү түштөн кийин Франциянын прокуратурасы 12 кылмыш боюнча белгисиз адамдарга карата тергөө иштери жүрүп жатканын билдирген маалымат тараткан. Аларга ыйгарым укуктуу органдардын суроо-талабы боюнча маалымат берүүдөн баш тартуу, жашы жете электердин порнографиялык сүрөттөрүн сактоого катышуу, баңгизаттарды таратууга катышуу, хакердик программаларды таратууга катышуу кирет.
28-августта Дуров Париждеги камактан 5 миллион евро күрөө менен бошотулган. Ага Франциядан чыгууга тыюу салынып, жумасына эки жолу полицияга билдирүүгө милдеттендирилген.
Райхан Улканбаева, Ташкен