www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаев бийлиги убагында бийлик менен оппозиция катуу каршылаша баштаганда оппозициялык бир гезиттин ээси тарабынан (ал өтүп кеткендиктен атын атабай эле коелу) өкмөттүк гезиттерге алсыз деген мааниде  “өпөңдөгөн өкмөттүк гезиттер” ылакап аты коюлуп калган. Ал азыркы күнгө чейин айтылып келди.  

Бирок, бир чындык айтылса да, ага эл ишенбей койду. Ал – 1994-жылдан баштап өкмөттүк гезиттердин мамлекет тарабынан финансыланбаганы. Мүмкүн ошол жылдары массалык маалымат каражаттары рыногунда атаандаштык дээрлик болбогондон улам, бийлик ушундай кадамга баргандыр. А чынында бул негизи эле туура эмес кадам болгон. 

Анткени, ошол эле оппозициячыл гезиттер чет элдик уюмдар, айрым оппозиция өкүлдөрү тарабынан финансыланчу, алар үчүн чет элдик басылмалардан тажрыйба алмашуулар, окуулар уюштуручу. Анан ал чет элдик уюмдардан каржыланган ММКлардын журналисттери “өнүккөң өлкөлөрдө ММКлар мамлекет тарабынан фианасыланбайт, антсе көз каранды болуп калышат” деген пикирди элге сиңиришти. 

Чынында андай эмес экени, Трамп бийликке келгенден кийин ачыкка чыкты го. Көз карандысыз деген “Азаттык” деле АКШнын бюджетинен (түз эмес, көмүскөлөнүп, ортомчу мекеме аркылуу) финансыланат тура. Мына азыр финансысы токтоп калуу тобокелдиги астында турат.

А биздин өкмөттүк гезиттерди бюджеттен акча алышып, бийликтин заказдарын аткаруу менен гана алек болушат дегендей пикир түзүштү. Буга аягында келип коомчулук эле эмес, өздөрү да ишенип алышты. 
Бирок, чындык башкача болчу. Муну Президенттин акыркы жарлыгы тастыктады. Жарлык менен «Кыргыз туусу» басма үйү түзүлүп, ага «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттери, «Ала Тоо» адабий, «Байчечекей» балдар журналы киргизилди. Эми ал басма үйү мамлекеттик камсыздоого өткөрүлүп, кызматкерлердин эмгек акысы толугу менен бюджеттен төлөнмөй болду. Андан тышкары, атайын эсепке түшкөн (басылмалар өздөрү тапкан) каражаттан калем акылар кошумча берилмек болду. 

Жакында Президент Садыр Жапаров КТРКга барганда аны финансылоону жогорулата турганын айткан. Эми өкмөттүк гезиттердин менеджментине компетенттүү жетекчи өң тааныштык менен эмес, калыс тандалып келсе, ошондон кийин да алар өпөңдөп иштей алышпаса, анда күнөө аларда болот. 

 

Последние новости