www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Кытайдын ички иштерине кийлигишүүнү жана анын өнүгүү кызыкчылыктарына зыян келтирүүнү токтотушу керек. Бул тууралуу 14-июнда Кытайдын тышкы иштер министри Цин Ганг АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдирди. Мындай маалыматты NazarNews агенттигине Кытайдын CCTV plus агенттиги билдирди.

Кытайдын тышкы иштер министри Тайвань жана башка негизги маселелер боюнча Блинкенге Пекиндин позициясын дагы кайталап айтты.

"Америкалык тарап сый көрсөтүшү керек, Кытайдын ички иштерине кийлигишүүсүн токтотушу керек, атаандаштык үчүн Кытайдын эгемендигине, коопсуздугуна жана өнүгүү кызыкчылыктарына зыян келтирүүнү токтотушу керек", - деп Цин Ганг.

Өз кезегинде АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэттью Миллер белгилегендей, Блинкен Кытайдын тышкы иштер министри менен сүйлөшүү учурунда чыр-чатактарды болтурбоо үчүн Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы ачык байланыш линияларын сактоонун маанилүүлүгүн билдирген.

"Ал ошондой эле бир катар эки тараптуу жана глобалдык маселелерге токтолуп, АКШ тынчсызданууларды билдирүү жана потенциалдуу кызматташуу багыттарын талкуулоо үчүн дипломатиялык аракеттерди уланта берерин ачык айтты", - деди басма сөз катчысы журналисттерге.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости