www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Эл Республикасы Тайвань маселесин чечүү үчүн күч колдонууну жокко чыгарбайт, бирок ал аралдын кез каранды эместигин жактоочуларга жана сырттан кийлигишүүгө каршы. Мындай билдирүүнү Кытайдын Коммунисттик партиясынын (ККП) 20-съездинин расмий өкүлү Сунь Ели билдирди.

"Биз күч колдонуудан баш тартууга убада бербейбиз жана тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө жана Тайвандын көз карандысыздыгын жактаган өтө аз сандагы сепаратисттик күчтөрдүн жана алардын сепаратисттик аракеттерине каршы бардык зарыл чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн сактап калууга убада кылбайбыз", - деп баса белгиледи ал.

Сунь Ели белгилегендей, Пекиндин милдети тынчтык жолу менен кайра биригүү, ошондуктан Тайвань элинде тынчсыздана турган эч нерсе жок.

Эске салсак, 28-сентябрда Тайвандын Коргоо министрлиги КЭР аралдын аймагына 31 учак жана төрт аскер кемесин жөнөткөнүн билдирди. Тайвань өз кезегинде абалды көзөмөлдөө үчүн аба патрулин жиберип, ошондой эле радио эскертүүлөрдү берип, зениттик-ракеталык комплекстерди жайгаштырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости