www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Еревандагы сапары учурунда Азербайжанды Арменияга кол салууга айыптады. Бул тууралуу “Азаттыктын” армян кызматы кабарлады.
"Армения биз үчүн чоң мааниге ээ жана Конгресстин атынан өлүмгө алып келген Азербайжандын кол салуусун айыптайбыз, - деди Пелоси.
Ал жаңжалды аскердик жол менен чечүүгө болбой турганын белгиледи. АКШ тараптарды маселени сүйлөшүү аркылуу жөнгө салууга чакырды.
Азербайжан ТИМи АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикеринин билдирүүсүн “негизсиз жана адилетсиз” деп атады. Министрлик Пелосинин сөзү жаңжалды тынч жол менен чечүү мүмкүндүгүнө катуу сокку урганын билдирди. Reuters маалымдагандай, Баку чек арадагы соңку кагылышуу “Армениянын Азербайжанга каршы аскердик ири чагымынан” улам келип чыккан деп эсептейт.
Пелоси Арменияга барган маалда өлкөнүн борбору Ереванда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгууну талап кылган митинг өттү. Ага жүздөгөн адамдар катышты. Мурдараак Ереван “суверендүүлүгүн коргоо” үчүн ЖККУдан жардам сураган. Бирок талап аткарылган эмес.
13-сентябрга караган түнү армян-азери чек арасында кырдаал курчуп кеткен. Тараптар бири-бирин агрессияга жана чагымга айыптаган. 200дөн ашуун киши өлгөн: Ереван 135 аскери набыт болгонун, Баку 77 аскер кызматкери окко учканын кабарлаган. Бул соңку эки жылдагы эң ири кагылышуу болуп калды.
2020-жылдын аягында Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабак боюнча катуу жаңжалдашкан. 44 күндүк тирешүүдөн кийин Баку менен Ереван Москванын ортомчулугу менен аскердик аракеттерди токтотуу боюнча макулдашууга кол коюшкан.
Булак: NazarNews.kg