www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2026-жылы пенсияны жогорулатуу параметрлери күзүндө аныкталат. Бул тууралуу «Элден собол» программасынын эфиринде Социалдык фонддун Коомчулук менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Анын айтымында, пенсияларды жыл сайын индексациялоо мекеменин артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда. Жогорулатуу өлчөмү инфляциянын деңгээлине, мыйзам талаптарына жана бюджеттин каржылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аныкталат.
«Индексациялоого каражаттар алдын ала каралган жана биз өткөн жылдагы деңгээлден төмөн болбосун көздөп жатабыз. Бирок акыркы параметрлер бюджетке түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмүнө жараша болот. Учурда биринчи жарым жылдык боюнча Салык кызматынын маалыматын күтүүдөбүз. Аларды талдоодон кийин Соцфонддун мүмкүнчүлүктөрү такталып, пенсияларды жогорулатуу шарттары аныкталат. Толук маалымат күзүндө жарыяланат», — деди Мукамбетов.
Ал кошумчалагандай, 1-мартка карата республика боюнча орточо пенсия 11 200 сомду түзөт. Ал эми эң төмөнкү пенсиянын өлчөмү 7 100 сом болуп, пенсионердин минималдуу жашоо минимумуна тең.