www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда эми пенсиянын топтомо бөлүгүн жарандар турак жай сатып алууда баштапкы жана кошумча төгүм катары алса болот. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Документти парламент 2023-жылдын 21-декабрында кабыл алган.

Пенсиянын топтомо бөлүгү иштеген жылдарга эмес, төлөгөн акчасына жараша эсептелет. Жалпы иштеген жылдардын айлыктары эсептелип, ошонун 2% топтомо бөлүк катары берилет.

Буга чейин пенсиянын топтомо бөлүгү пенсияга жаңы чыккан учурда, башка мамлекетке жашаганы кетип жатканда, жүрөгүнө же онкологиялык жактан операция боло турган учурда, ипотеканын баштапкы төлөмүнө жана насыянын өзүн да жабууга берилип келген.

2023-жылдын аягында 1,5 жылдын ичинде 4 миңдей адамга жалпы суммасы 800 млн сомго жакын пенсиянын топтомо бөлүгү берилгени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости