www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Коргоо министрлиги SpaceXдин Украинадагы Starlink спутниктик байланыш системасынын альтернативалары бар деп эсептейт. Бул тууралуу 14-октябрда журналисттерге Пентагондун басма сөз катчысынын биринчи орун басары Сабрина Сингх билдирди.

"Бул жерде SpaceX гана эмес, Украинаны согуш талаасында керектүү нерселер менен камсыз кылуу жагынан биз менен иштеше турган башка уюмдар бар" деди Сингх.

Ал Украинада Starlink компаниясын ким алмаштыра аларын ачыктаган жок.

Ошол эле учурда Сингх Пентагон учурда SpaceX менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын ырастады, бирок Коргоо министрлигинин мындан аркы кадамдары тууралуу кошумча маалыматы жок.

14-октябрда SpaceXтин негиздөөчүсү Илон Маск мындан ары Украинаны жаңы Starlink спутниктик байланыш системалары менен камсыз кылууну жана учурдагыларын каржылоону улантуу ниети жок экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости