www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы чатакта Украинанын жеңилиши НАТО менен Россиянын аскердик кагылышуусуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Ллойд Остин билдиргенин РИА Новости жазды.

"Ачыгын айтканда, Украина жеңилип калса НАТО Россия менен салгылашат деп ойлойм ", — деди Остин АКШнын Өкүлдөр палатасынын жыйынында.

Пентагондун башчысы Украинада жүрүп жаткан атайын операциядагы россиялык аскерлердин ийгилиги “өтө тынчсыздантарын” айткан.

"Күн сайын орустар чабуул жасап, аймактарды багындырууну улантып жатканын көрүп жатабыз. Бул өтө тынчсыздандырат”, - деген Остин.

Анын айтымында, Вашингтондун колдоосу жок украин аскерлери артиллериядан, абадан коргонуу системаларынын жоктугунан аксап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости