www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Перизат Суранова Бишкек СИЗО-1дин камерасынан кат жазды. Активист эл аралык уюмдарга кайрылып, Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым болуп жатканына көңүл бурууну өтүндү.
Анын айтымында, бир топ активисттерге жана коомдук ишмерлерге карата кылмыш куугунтуктоо ойдон чыгарылган жана Кыргызстанда мыйзамсыздык болуп жатат. Перизат Суранова «авторитардык система сөз эркиндиги, адам укуктары жана коопсуздук сыяктуу демократиялык баалуулуктарды жок кылат» деп эсептейт.
«Дагы бир жолу активисттер, саясатчылар жана блогерлер жасалма айыптар менен массалык түрдө түрмөгө камалды. ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү Актан Ногойбаев мыйзамсыз иш козгоп, мыскылдуу, коррупционер, «гумандуу» сот кезектеги саясий заказды татыктуу аткарды. Ал тургай жашы жете элек үч балам, карыган оорулуу ата-энем бар экенин эске алышкан жок. Арыз бир тараптуу каралды», - деп жазган ал.
Суранова бардык эл аралык уюмдарга кайрылды.
«Кыргызстанда башаламандык өкүм сүрүүдө. 2021-жылы мыйзамсыз конституциялык реформанын натыйжасында түзүлгөн авторитардык система сөз эркиндиги, адам укуктары, коопсуздук ж.б. сыяктуу бүткүл дүйнө үчүн өтө маанилүү болгон демократиялык баалуулуктарды жок кылууда. Саясий куугунтук, активисттерди жана саясатчыларды коркутуп-үркүтүү, массалык маалымат каражаттарына, журналисттерге жана блоггерлерге кысым көрсөтүү, өзгөчө көз карандысыз ММКларды жабуу өлкөнүн өнүгүүсүнүн бардык тармактарында терс кесепеттерге алып келет», - деп баса белгиледи ал.
Активист эгемендүү жана коопсуз Кыргызстан үчүн күрөштү уланта турганын билдирди. «Менин эгемендүү жана коопсуз Кыргызстан үчүн күрөшүм уланат, чек ара жана Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүү боюнча аймактык бүтүндүк жана улуттук кызыкчылыктар маселеси боюнча менин позициям мени эң баалуу нерсем – эркиндигимден ажыратканына алып келди. Бирок бул менин рухумду бекемдеди», - деди ал.
Суранова сөзүнүн аягында Кыргызстандын элин жарандык укуктарын пайдаланып, сөз эркиндиги, адам укуктары, адилеттүүлүк жана демократиялык баалуулуктар үчүн күрөшкө чакырды.
Булак: NazarNews.kg