www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Перизат Суранова ооруканадан үйүнө чыгарылды

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жарандык активист Перизат Суранова ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу анын адвокаты Жаныш Бараков билдирди.

Анын айтымында, Сурановго операция жасалып, учурда үйүнө чыгарылган.

Белгилей кетсек, Перизат Суранованын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Суранова ден соолугуна байланыштуу 14-февралда Чүй облустук ооруканасына жеткирилген болчу.

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү 25-октябрда Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алынган.

Последние новости