www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия тарабынан АКШ менен Европанын аймагында диверсиялык коркунуч болушу мүмкүн деген дооматтарды негизсиз жана ойдон чыгарылган деп атады. Ал муну далилсиз жүргүзүлгөн өнөктүк катары баалап, АКШнын азыркы администрациясы натыйжасыз жана коррупциялашкан программалардан арылууга аракет кылып жатканын белгиледи.
Журналист Песковго берген суроосунда, АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы мурдагы президент Жо Байден тушунда кабыл алынган программаларды токтотконун же убактылуу токтотконун маалымдады. Бул программалар Россиянын АКШ менен Европага диверсиялык коркунуч жаратуу аракетине каршы күрөшүүгө багытталган болчу.
"Бул таптакыр ойдон чыгарылган өнөктүк. АКШда жана Европанын борборлорунда жүргүзүлгөн атайын тергөө иштеринин жүрүшүндө мындай коркунучтун бар экенин далилдеген бир да факты табылган эмес. Акыры, бул дооматтарды жарыялоо менен гана чектелип, бирок бир да далил, аргумент келтирилген жок. Бул таптакыр курулай айыптоолор жана жалган программалар. Ошондуктан, азыркы АКШ администрациясы натыйжасыз, ишенимсиз жана коррупциялашкан нерселерден арылууга аракет кылып жатканы толук түшүнүктүү", — деди Песков.