www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Украинадагы операцияны өткөрбөө үчүн бардыгын жасады, бирок алар биз менен сүйлөшкүсү келген жок, деп билдирди РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
«Атайын аскердик операция башталганга чейин президент (Владимир) Путин жана орус тарап бул операцияны болтурбоо үчүн иш-аракеттерди жасаганы эсиңиздеби. Алар биз менен сүйлөшкүсү келбей, бизди уккусу да келген жок. Кандай болбосун. Акыркы мезгилде диалогду жандандыруу боюнча аракеттер эки ай болгон жок», - деди Песков журналисттердин Украинада атайын операция башталгандан берки акыркы 2,5 айдын ичинде Америка тараптан сүйлөшүүгө кандайдыр бир аракеттер болдубу деген суроосуна жооп берип жатып.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg