www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинадагы атайын аскердик операциянын максатына Орусия жетип, өз жарандарынын коопсуздугуна кепилдик бере алат. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин ТАСС агенттиги жазды. «Биз максаттарыбызга жете алабыз жана Россия Федерациясынын жарандарынын коопсуздугуна кепилдик бере алабыз», - деди Песков Украинадагы атайын операциянын келечеги тууралуу.
Ошол эле учурда орус лидеринин басма сөз катчысы Бучадагы окуялар боюнча Батыштын версиясын четке какты. «Биз орус аскерлеринин мындай кылмыштарга катыштыгын толугу менен четке кагабыз. Таратылган кадрлар сахналаштырылган фальсификация. Орус армиясы карапайым калкка каршы аракеттенбейт жана турак жайларды атпайт», - деди РФ президентинин басма сөз катчысы.
Белгилей кетсек, 3-апрелде Орусиянын Коргоо министрлиги Киев режиминин Бучадагы жайкын тургундарды өлтүргөн деген айыптоосун четке какты. Башкармалык Орусиянын Куралдуу күчтөрү Бучадан 30-мартта толугу менен чыгып кеткенин, «кылмыштын далилдери» Украинанын Коопсуздук кызматынын кызматкерлери шаарга келген төртүнчү күнү гана пайда болгонун билдирди.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg