www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия үчүн Владимир Путин менен Дональд Трамптын Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө эч нерсе тоскоол болбошу маанилүү.

Бул тууралуу Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналист Павел Зарубинге комментарий берип жатып билдирди. Анын айтымында, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын Украина лидери Владимир Зеленскийге карата кескин сын айтуусу жөндүү көрүнүш.

Песков Зеленский буга чейин бир нече жолу башка мамлекет башчыларына карата «туура эмес билдирүүлөрдү» жасаганын эске салып, Трамп жана анын командасы мындай мамилени кабыл албай турганын айтты. Ал Трампты АКШ үчүн «өзгөчө президент» деп атап, анын бийлигинин туруктуулугу жана авторитети жогору экенин белгиледи.

«Ошондуктан мындай реакция табигый көрүнүш. Бирок биз үчүн эң башкысы – кырдаалды тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жетелөө мүмкүнчүлүгү жагынан талдоо маанилүү. Эки лидердин саясий эркин ишке ашырууга эч нерсе тоскоол болбошу керек», – деди Песков.

Ал ошондой эле Россиянын президенти өз позициясында туруктуулугун сактап келерин жана Трамп сыяктуу эле «өзгөчө лидер» экенин кошумчалады. Анын айтымында, Путиндин эл ичиндеги колдоо деңгээли өтө жогору, ал эми коомдун анын айланасында биригиши дүйнөлүк практикада сейрек кездешүүчү көрүнүш.

Песковдун пикиринде, эки мамлекет башчысынын ортосундагы диалог чоң үмүт жаратат.

Журналист Зарубин Зеленский «АКШнын кысымы менен Украинаны толук сатып жиберсе», Россиянын жаңы аймактары «АКШнын ээлигине өтүп кетпейби» деген суроо узатканда, Песков: «Бул аймактарды эч ким, эч качан сатып жибербейт», – деп жооп берди.

Мындан тышкары, Кремлдин өкүлү АКШнын Республикалык партиясынын өлкөнү Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) мүчөлүктөн чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун да комментарийледи. Ал бул маселеге шашылбай, анын канчалык олуттуу экенин күтүп көрүү керектигин белгиледи.

«Республикалык партия бирдиктүү көз караштагы түзүм эмес, анын ичинде да ар кандай пикир келишпестиктер бар. Ал эми БУУну азырынча эч нерсе менен алмаштыруу мүмкүн эмес», – деди Песков.

Анын айтымында, дүйнөнүн ири державалары – Россия, АКШ, Франция, Германия жана Улуу Британия – жаңы БУУну түзүү боюнча бир пикирге келиши мүмкүн эмес. Ошондуктан БУУну жоюу жөнүндө эмес, анын натыйжалуулугун жогорулатуу тууралуу ойлонуу керек.

Последние новости