www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков түрк лидери Режеп Тайып Эрдоганга Орусиянын аймактары кошулган "түрк дүйнөсүнүн картасынын" берилиши боюнча пикирин билдирди.
Песковдун айтымында, картада түрк дүйнөсүнүн борбору Орусиянын аймагында — Алтайда жайгашуусу керек болчу.
"Түркиянын түрк биримдиги идеясын өнүктүрүп жатканы нормалдуу көрүнүш. Болгону түрк дүйнөсүнүн картасынын борборунда чоң кызыл жылдыз турбаганы өкүндүрөт. Ал борбор Түркияда эмес, Орусиянын аймагында — Алтайда жайгашуусу керек болчу. Бул ар бир түрк үчүн ыйык эсептелген жер, алар ушул жерде жаралган. Мен муну түрк таануучу катары айтып жатам", — деди Песков "Россия 1" телеканалынын эфиринде сүйлөп жатып.
"Ведомости" гезитинин божомолуна ылайык, басма сөз катчы өз сөзүндө Алтай Республикасын эмес, Алтай крайын айткысы келген болушу мүмкүн.
Өткөн жумада Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга Орусиянын 20га жакын аймагы жана Кытайдын бир бөлүгү кошулган "түрк дүйнөсүнүн" картасын белек кылган. Азырынча эки саясатчы тең бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.
Картага ылайык, түрк дүйнөсүнө Түндүк Кавказ республикалары (Чеченстан, Ингушетия, Дагестан, Түндүк Осетия — Алания, Кабардин-Балкария, Карачаев-Черкесия жана Адыгея), Краснодар крайы, Ростов облусунун бир бөлүгү, Поволжье, Чыгыш Сибирь жана Якутия кошулган.
Картада Борбор Азиядагы Тажикстандан башка өлкөлөрдөн тышкары Европадагы Балкандын, Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном районунун аймактары да түрк дүйнөсүнүн бир бөлүгү катары көрсөтүлгөн.
Булак: NazarNews.kg