www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык Pfizer фармацевтикалык компаниясы БУУ колдогон уюм менен келишим түзүп, жакыр өлкөлөр үчүн жасалган, вакцинага салыштырмалуу баасы арзаныраак келген коронавируска каршы таблетканы өндүрөт.
Pfizer компаниясы билдиргендей, келишим дүйнө калкынын жарымы жашаган кирешеси төмөн болгон 95 өлкөнү камтыйт.
Фарм-гигант дарыны өндүрүү лицензиясын Медициналык патенттик пулга (MPP) да берерин айтып, бирок дарынын баасын арзандатуу максатында кирешесинен акча талап кылбастыгын билдирди.
Ушул айдын башында Pfizer вирус жуктуруп, таблетка ичкен кишилердин 89 пайызы ооруканага жаткырылбай аман калганын жарыялаган. Келишимдин ишке ашырылышы текшерүүлөрдүн жана сыноолордун жыйынтыгын жактырган регулятордук органдардан да көз каранды.
“Бул дарыга лицензия алуу өтө маанилүү. Себеби, аны колдонууга уруксат берилсе, кирешеси төмөн болгон өлкөлөр пандемия менен күрөшүүгө багытталган глобалдык аракетке салым кошуп, адамдардын өмүрлөрүн сактап калууда маанилүү рольду ойнойт,” – деди Медициналык патенттик пулдун өкүлү Чарльз Гор.
Pfizer кеңири жайылган ковидге каршы BioNTech вакцинасын Германия менен биргеликте өндүрөт.
Булак: NazarNews.kg