www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга коронавирустан эмдей турган «Pfizer» вакцинасы COVAX аркылуу жеткирилет деп күтүлүп жатат. Бул маалыматты АКИpress агенттигине 12- июлда Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.
Учурда өлкөдө «Синофарм» вакцинасы бар. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда COVID-19 вирусунан 1 млн 571 миң 969 адам эмделген. Экинчи жолу 1 млн 340 миң 263 адам эмделип бүтсө, 238 миң 186 адам 3 ирет эмдөөдөн өттү.
Өткөн суткада республикада 28 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
- Бишкек шаарында 24,
- Чүй облусунда 3,
- Ысык-Көл облусунда 1 адам коронавирус менен катталган.
Булак: NazarNews.kg