www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россияда маймыл чечегинин биринчи учуру Европадан кайтып келген жаш жигитте тастыкталганын Роспотребнадзордун басма сөз кызматына таянуу менен РИА Новости билдирди.
"Россияда маймыл чечегинин биринчи учуру тастыкталды. Оору Европага сапардан кайтып келип, медициналык мекемеге мүнөздүү исиркектер менен кайрылган жаш жигиттен аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Роспотребнадзор бул оору жеңил экенин, оорулуу адамдын өмүрүнө коркунуч жок экенин тактады. Ал учурда изоляцияланып, инфекциялык профилдеги медициналык мекемеде жатат.
Белгилей кетсек, дүйнө жүзү боюнча маймыл чечегинин жаңы учурлары катталган өлкөлөрдүн саны көбөйүүдө. Аталган оорунун биринчи учурун 7-майда Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму Нигериядан кайтып келген Улуу Британиялык туристтен тастыктаган.
Бул маймылдарда сейрек кездешүүчү вирустук оору. Ал негизинен Борбордук жана Батыш Африканын алыскы аймактарында кездешет. Илдет жакын физикалык катнаш аркылуу гана жугат. Анын белгилери дене табынын көтөрүлүшү, булчуңдардын оорушу жана теринин кызарышы. Илдет көбүнчө жеңил өтүп, бейтап 2-4 жумада айыгып чыгат.
Булак: NazarNews.kg