www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) "Pfizer\BioNTech" вакцинасын сактоо үчүн Кыргызстанга муздаткыч алып берет. Бул тууралуу 21-январда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айтты.

"Биринчи бизге 15 миң доза берилери айтылган. Азыркы кездеги сүйлөшүлөр боюнча 1 миллион 200 миң дозаны 1-июнга чейин берилет. Ага чейин USAID муздаткычтарды алып берет", - деди министр.

Эске салсак, глобалдык COVAX альянсынын алкагында коронавируска каршы күрөшүү үчүн «Pfizer/BioNTech» вакцинасы Кыргызстанга акысыз сунушталган. Бирок Кыргыз Өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жоктугун билдирген.

Министрдин белгилешинче, -18 градуска чейинки температурада сакталчу Орусиянын "Спутник-V" вакцинасын алууга да Москвага кат жолдонду. Кремль уруксат берер замат Орусиядан эмдөөчү дарылар келиши мүмкүн.

Бейшеналиев Орусиянын вакцинасы сатып алынарын, Финансы министрлиги акча бөлүп берүүгө даяр экенин кошумчалады.

21-январдагы расмий эсеп боюнча Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 83585ке жетти. Алардын 79 509у сакайып, 1394ү каза тапты. Күнүгө 150-160 адамдан коронавирус аныкталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости