www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адам дайыма жөтөлүп жана деми кыстыгып жүрсө тезинен дарыгерге кайрылышы керек, аталган эки симптом өпкө рагынан кабар бериши мүмкүн. Бул тууралуу Express порталы жазды.
Адистердин айтымында, өпкө рагы — эң көп таралган онкологиялык төрт оорунун бири. Залалдуу илдеттердин катарына эмчек безинин рагы, ичегинин жана эркектин урук чыктагыч безинин шишиги кирет.
Өпкө рагынын негизги симптомдору дем алуу менен байланыштуу экени айтылат. Дарыгерлер өнөкөт жөтөл менен энтигүүнү бөтөнчө белгилешкен. Ошондой эле шишиктин бул түрүнүн башка да белгилери кездешет:
дем алуу жолдорунда дайыма инфекциянын пайда болушу;
кан түкүрүү;
дем алганда же жөтөлгөндө ыңгайсыздык же оору жаралат;
дайыма чарчап-чаалыгып, күч жоголот;
тамакка табит тартпайт;
арыктоо.
Адистер өпкө рагын алгачкы стадияларында дарылоо керек экенин эскертишкен.
Булак: NazarNews.kg