www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандыктар Россиянын Бишкектеги элчилиги менен Ош шаарындагы Башкы консулдугунун имаратынын алдына гүл алып келип жатышат. Бул "Крокус сити холл" концерттик залында кечээ түнү болгон терактыдан каза тапкандардын үй-бүлөсүнө көңүл айтуу үчүн жасалууда.

Кечээ "Крокус сити холл" концерттик залында теракт жасалган. Андан каза болгондор 60тан ашканын, бул сандар дагы көбөйүшү мүмкүндүгүн Россиянын Тергөө комитетинен билдиришти. Ооруканаларда учурда 115 адам болсо, алардын бешөө балдар экени айтылды. 60 кишинин абалы өтө оор. Россиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости