www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК жетекчилиги, ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы 2026-жылдын 12-мартында запастагы подполковник Алексей Леонидович Субачевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен анын жакындарына жана туугандарына чын жүрөктөн көңүл айтат.

Субачев Алексей Леонидович, 1959-жылы туулган, «Энергетика» адистиги боюнча Бишкек политехникалык институтун аяктаган.

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарындагы кызматын 1992-жылдын декабрь айында баштаган.

1992-жылдын декабрь айынан 2002-жылдын июль айына чейин Кыргыз Республикасынын УКМ–УКК–УКМК органдарында чыныгы аскердик кызмат өтөгөн. 1999-жылдын сентябрь айынан тартып жетекчилик кызматта иштеген.

Акыркы ээлеген кызматы — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагынын жетекчиси болгон.
«Милдет» төш белгиси менен сыйланган.

Алексей Леонидович менен бирге кызмат өтөгөндөрдүн бардыгы аны чыныгы офицер, техникалык жактан сабаттуу жана жоопкерчиликтүү, милдетин жогору сезген кызматкер катары эсептешет.

Ал чекисттердин бир нече муунун тарбиялап өстүргөн, ар дайым чынчыл жана адилеттүү болууга, чекисттик салттарды урматтоого, кайраттуу жана кең пейил болууга, коопсуздук органдарынын офицери деген жогорку наамды татыктуу алып жүрүүгө жана өз Ата Мекенин сүйүүгө үйрөткөн.

Алексей Леонидович боорукер жана ак көңүл инсан, жакшы дос жана ишенимдүү жолдош болгон. Ал биздин эсибизде түбөлүктүү ушул бойдон калат.
 

Последние новости