www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш өлкөлөрүндөгү айрым саясий топтор атайын аскердик операция аяктагандан кийин Россия менен кызматташууну калыбына келтирүүгө ниеттенип жатканын Politico жазды.

"Батыштын Украина маселеси боюнча айтылбаган дагы бир аспекти — жаңжал токтотулса айрымдары дароо Россия менен кызматташууга кайтып келебиз деп үмүттөнгөнүндө", — деп жазылат макалада.

Ушул себептен улам Батыш Киевге ыраакка уча турган ракеталарды жеткирүү маселесине келгенде "ойкуп-кайкып", ошондой эле Россиянын "тоңдурулуп турган" активдерин конфискациялоого аракет кылууда.

"Батыш Украинадан баш тарткан жок, бирок тобокелдиктерге чоң көңүл буруп жатканы жаңжалды токтотуп, батыраак Путин менен эпке келүү каалоосунан кабар берет", — деп айтылат материалда.

Өткөн жылдын декабрь айында Стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор кеңешинин жыйынында Владимир Путин Россия Түндүк Американын, Европа өлкөлөрүнүн бирине да каалгасын жаппай турганын айтып, каалоосу болсо Москва менен кызматташуудан пайда көрүүнү башташы керектинин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости