www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киевдин Пасха майрамына карата даярдап жаткан чагымчылык аракеттери боюнча далил бар. Бул тууралуу Орусиянын Коргонууну көзөмөлдөө боюнча улуттук борборунун башчысы, генерал-полковник Михаил Мизинцевге шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Киев режими Батыш өлкөлөрүнүн колдоосу менен Запорожье, Николаев, Одесса, Сумы жана Харьков облустарында көп сандаган адамдар курман болчу провокацияларды даярдап жатат. Бул аймактарда Пасха түнү (24-апрель) православдык чиркөөлөргө орусиялык аскер кызматкерлерин карапайым калкты кырды деп айыптоо үчүн минометтон аткылоо пландаштырылууда", — деди Мизинцев.

Анын айтымында, бул максатта улутчулдар батальондорунун арасынан 70тен ашык мобилдүү топтор түзүлдү.

"Пасха түнүндө православдык чиркөөлөрдү аткылоо тапшырмасына ылайык минометтор менен жабдылган фургондор даярдалууда. Алар менен өздөрү аткылап туруп, православдар үчүн ыйык майрамда карапайым элди аткылады деп Орусия аскерлерин дүйнөгө жек көрсөтөлү деп жатышат", — деди генерал.

Ошондой эле Мизинцев орус аскерлеринин "мыкаачылыктарын" көрсөтүү үчүн жеринде Батыш ЖМКларынын кабарчыларын иштеткени жатканын айтты.

"Биз АКШ баштаган "цивилизациялуу Батыш" өлкөлөрүнө Киев режиминин арам ою тууралуу далилибиз бар экенин эскертебиз. Мындан тышкары, БУУ, ЕККУ, Эл аралык кызыл крест комитетине жана башка уюмдарга кайрылып, акылга сыйгыс мындай иштерди алдын алууга жардам берүүгө чакырабыз", — деди Мизинцев.

Сөзүнүн соңунда генерал бул шашылыш билдирүү тез арада эл аралык уюмдарга жетиши керектигин кошумчалады.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости