www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшанын өкмөтү армиядагы аскер бөлүктөрүн калыбына келтирип, алардын санын дээрлик эки эсеге көбөйтүү максатында жаңыларын түзөөрүн жарыялады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Ярослав Качинский Беларусь менен чек арага жакын жайгашкан Любельский воеводствосунун Коден шаарына жасаган иш сапары учурунда билдиргенин Полски радиосу билдирди.
Анын айтымында, мурда үч дивизиядан турган поляк армиясы эми алты дивизияга ээ болот. Ал эми кийинчерээк, кошумча бөлүм пайда болушу мүмкүн.
«Негизги милдеттердин бири - коопсуздукту коргоо», - деди Качинский.
Ал кошумчалагандай, бийлик Беларус менен чек араны бекемдеп, тактап айтканда, чек араны коргоо үчүн тосмолорду тургузуп, «ар кандай электрондук аппараттарды» орнотуп жатат.
Бир күн мурда Польшанын коргоо министри Мариуш Блашчак 18 жылдык тыныгуудан кийин Польша армиясына ракеталык жана артиллериялык бирдик кайтып келе жатканын билдирген.
Буга чейин ал Польша сапёрдук батальон түзүп, Беларус менен чек арага жакын жердеги Августов шаарына жайгаштырарын билдирген.
Буга чейин Польша “Вагнерчилердин” Беларустун аймагына көчүп келүү коркунучунан улам аскер бөлүктөрүн батыштан чыгышка жылдырууну чечкен.
Булак: NazarNews.kg