www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польша менен Украинанын мамилеси дипломатиялык конфликттен кийин начарлады. Өлкөлөр көп маселе боюнча бир пикирге келише элек. Бул тууралуу Польшанын тышкы иштер министринин орун басары Павел Яблоньский билдирди.
Анын айтымында, Украинанын айрым өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнө байланыштуу соңку мезгилдеги мамиле начар болуп жатат.
«Муну эч ким жашырган жок. Менин оюмча бул жерде эмоцияга алдырышты. Биз Украина кол салууга дуушар болгонун түшүнүп жатабыз, бирок ал дагы союздаштарына кол салбашы керек», - деди Яблоньский.
Ошондой эле ал Польша улуттук кызыкчылыктарына жараша Украинаны колдой турганын белгиледи.
Буга чейин Украинанын Тышкы иштер министрлиги Польшанын элчисин маектешүүгө чакырган. Ага Польша президентинин өкүлү Марчин Пшидачтын Украина бийлигин сындаганы себеп болгон. Пшидач Украина Польшанын соңку ай жана жылдардагы колдоосун баалашы керек экенин айткан.
Ал эми Польшанын премьер-министри Украина алардын элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырбашы керек болчу экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg