www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Польшанын бийлиги америкалык өзөктүк куралды өз аймагына жайгаштырууга даяр. Бул тууралуу республиканын президенти Анджей Дуда Faktбасылмасындагы маегинде билдирген.

"Эгерде биздин союздаштарыбыз НАТОнун Чыгыш канатынын коопсуздугун бекемдөө үчүн альянстын бирдиктүү өзөктүк миссиясынын (Nuclear Sharing) алкагында биздин аймакка өзөктүк курал жайгаштырууну чечишсе каршы чыкпайбыз", — деди ал.

 

Дуданын айтымында, бул маселе бир нече убакыттан бери поляк-америкалык сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы болуп келген.

"Менден бул тууралуу сурашканда даяр экенибизди айткам", — деди ал.

Дуда Россия Калининград облусун аскердик жактан күчтөндүрүп жатканын белгилеген.

"Алар жакында эле өзөктүк куралын Беларуска жайгаштырды", — деди ал.

 

Nuclear Sharing программасы АКШга өзөктүк куралын НАТОго мүчө мамлекеттерге жайгаштырууга мүмкүндүк берет (өзөктүк куралы жок өлкөлөрдө). АКШ Европада жана Түркияда 100 тактикалык өзөктүк куралын сактап келет. B61-3 жана B61-4 бомбалары үчүн 0,3 килотоннадан 50 килотоннага чейинки заряддар Бельгия, Германия, Италия, Нидерландия жана Түркиядагы алты базада топтолгон.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2023-жылдын октябрында Россия АКШнын Европада өзөктүк куралын жайгаштыруусуна жооп катары "компенсациялык чараларды" колдонууга аргасыз экенин айткан. Министр Батыштын Европадагы саясатынын натыйжасында ишенимди чыңдоо жана курал-жарактарды көзөмөлдөө системасы жок кылынганын белгилеген.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости