www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшада Украинанын козголоңчулар армиясынын (УКА) өкүлдөрүн даңазалоо маселесинен улам президент Владимир Зеленскийге карата сын күчөдү. Варшавадан шайланган Европарламент депутаты Ева Зайончковская-Герник поляктарды Зеленскийге каршы биригүүгө чакырып, анын аракеттери Польшага болгон урмат-сыйга шек келтирип жатканын билдирди.
Буга чейин Польша президенти Кароль Навроцкий Зеленскийди 2023-жылы берилген “Ак бүркүт” орденинен ажыраткан. Бул чечим УПА өкүлдөрүн даңазалоо маселеси менен байланыштуу экени айтылган.
Чыр-чатакка Зеленскийдин май айында украин улутчулдарынын лидерлеринин бири Андрей Мельниктин сөөгүн кайра көмүү аземине катышканы жана Украина Куралдуу күчтөрүнүн бир бөлүгүнө УКА баатырларынын ысымы ыйгарылганы себеп болгон. Польша бул кадамдарды кескин сынга алды.