www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Польшалык журналист Агнешка Пикулицка-Вильчевска бир суткадан ашык убакыттан бери өзбек-казак чек арасынан өтө албай турат.

Анын айтымында, өзбек бийлиги ага өлкөгө кирүүгө тыюу салган. Ошол эле маалда ал карантиндик чектөөлөрдөн улам Казакстанга да кайтып бара албай калган.

"Мага расмий түрдө Өзбекстанга кирүүгө тыюу салыныптыр. Азырынча себептерин билбейм. 27 сааттан бери суукта чек ара аймагында турам. Мен бул жерден качан жана каякка кетем белгисиз. Бул Өзбекстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрликтеринин чечимине көз каранды болот. Өзбек тарап Ташкент аэропортуна түз каттам менен барып, андан ары Түркияга учуп кетүүнү сунуштады. Бирок азырынча бул качан ишке ашары түшүнүксүз", — деп жазды ал "Твиттердеги" баракчасына.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) быйыл июнда Пикулицканын аккредитациясын узартпай турганын билдирген. Мекеме мындай чечимин польшалык журналист өлкө "мыйзамдарын бузганы" менен түшүндүргөн.

"Аккредитациям узартылбаганына байланыштуу мен бул өлкөдө 30 күн визасыз жүрөм. Ар 30 күн сайын өлкөдөн чыгып, кайра кирип тургам. Өзбекстанда иштеген эмесмин, китеп жазып жаткам. Бирок бул жолу себептерин түшүндүрбөстөн эле киргизбей коюшту", — деп кошумчалады ал.

Азырынча өзбек тарап журналисттин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынганы боюнча комментарий бере элек.

The Guardian, Al Jazeera, The Diplomat жана Eurasianet басылмаларында иштеген Пикулицка быйыл февраль айында Өзбекстандын ТИМ кызматкери ага ыдык көрсөткөнүн, андан соң аккредитация алуу аракети маалында басым болгонун билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости