www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атып түшүрүлгөн Ил-76 боюнча Украина өкүлүнүн БУУнун Коопсуздук кеңешинде айтканы акылга сыйбайт. Бул туурасында РФтин аталган уюмдагы өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский айтканын РИА Новости жазды.
"Украина тараптын айтканына комментарий кылайын деген эмес элем. Жөөлүгөн кеп болуп калды. Бир эле нерсени, кесиптешим, кыязы, ушундай кыласың деген тапшырма алгандыктан калпты айтып, Киев бийлигин коргоп жатканын белгилеп кетким келди", — деген Полянский.
Өкүл алмашуу үчүн алып келе жатышкан туткундардын тизмеси жарыялангандыгын, тиешелүү тартиптин негизинде Украина тарапка жеткирилгенин, ал эми алардын муну танганы маанисиз нерсе экенин айтты.
Украинанын БУУдагы өкүлүнүн орун басары Кристина Гайовишин билдирүүсүндө Ил-76теги украиналык туткундардын өлүмүнө жоопкерчиликти Москвага жүктөгөнгө аракет кылган. Ал аскердик-транспорттук учактар "мыйзамдуу аскердик бута" болот деген. Гайовишиндин айтымында, россиялык тарап украин туткундарынын коопсуздугун камсыздашы керек болчу.
"Украинага бул транспорт, анын маршруту жана туткундарын ташып келиши боюнча кабарланган эмес", — деген ал Россия тескерисинче болгонун айтканына моюн бербей.
Гайовишин учак кулаган окуя Украина бийлиги тарабынан иликтөөгө алынганын билдирген. Анын айтымында, Киев бул каргашанын майда-чүйдөсүнө чейин каралып, эл аралык изилдөөгө алынышын талап кылган.
"Чыгып сүйлөгөн сөзүнөн муну алардын жасабаганын айтканын уккан жокмун. Бизди коопсуздукту камсыздаган жоксуңар деп күнөөлөп жатат. Кыязы, ал ракетаны атып түшүрүшүбүз керек болгон окшойт, ошондо гана коопсуздукту коргогон болмокпуз го", — деген Полянский Коопсуздук кеңешинин отуруму аяктап жатканда Украина өкүлүнүн айтканына комментарий берип жатып.
Аны менен катар эле эл аралык иликтөө туурасында кабары жоктугун айтты.
"Менин билишимче, иликтөөнү өзүбүз жасап жатабыз. Мага мындан башка нерсе маалым эмес", — деп кошумчалаган Полянский.
Эске салсак, 2023-жылдын 24-январында Россиянын Белгород облусунда өзгөчө жүргүнчүлөр менен кетип бараткан Ил-76 учагы кулаган. Анын ичинде Украина Куралдуу күчтөрүнүн туткундагы 65 аскери, экипаж мүчөлөрү жана коштоп жеткире тургандар менен кошо жалпы 74 адам болгон. Туткундарды алмашуу үчүн алып баратышкан. Терактыдан бардыгы көз жумду.
Мамлекеттик Думанын коргоо комитетинин башчысы Андрей Картаполов Ил-76 учагы Германияда жасалган Patriot же IRIS-T ракеталары менен атып түшүрүлгөнүн билдирген. Мамдуманын спикери Вячеслав Володин АКШнын Конгресси менен Германиянын Бундестагына Украинага зениттик-ракеталык комплекстерди (Patriot жана Iris-T) Берлин менен Вашингтон берип жатканы боюнча кайрылуу даярдоого тапшырма берген. Ал арада украиналык ЖМКлар Ил-76ны Украинанын Куралдуу күчтөрү атып түшүргөнүн жазып, бирок ал маалыматтарды сайттан өчүрүшкөн.
Булак: NazarNews.kg