www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 15-июнда Ноокен райондук милициясында бир нече саат сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" билдирди.
Айтымында, милиция кызматкерлери укук коргоочуну саат 8:00ге жетпей үйүнөн алып кетишкен.
"Фейсбуктагы зектер тууралуу жазган постум боюнча күбө катары сурак бердим. Тергөөчү менден бул постумду өчүрүшүмдү талап кылды. Себеби ал постту 300дөй киши жактырып, жүздөй киши түрдүү пикир калтырган экен. Эми ошол пикир калтыргандарды да милиция издеп жатыптыр, алар дагы суракка чакырылат деди. Ошондуктан, посттун алдына калтырган пикири үчүн мекендештерим доого жыгылып кетишин каалабадым. Азыр үйгө жетип, анан постту өчүрүүгө мажбурмун", - деди укук коргоочу.
Азиза Абдирасулова суракта эч кандай кысым-басым болбогонун айтты. Анын сөзүнө караганда сурак берип жатканда жакындары жанында болушкан. Кан басымы көтөрүлүп кеткенине байланыштуу тергөөчү "Тез жардам" чакырган. Алар келип укук коргоочуга дары берип, укол сайышкандан кийин абалы турукташкан.
Белгилей кетсек, укук коргоочу Ноокен райондук милициясына күбө катары суракка чакырылганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы да кабарлаган. Анда Азиза Абдирасулова кайсы ишке күбө катары чакырылганы ачыкталган эмес.