www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн парламентте эртең менен депутат Алманбет Шыкмаматов өлкөдөгү криминагендик абал курчуп, кылмыштуулук, криминал мамлекеттик институттарды көзгө илбей калды, өлкө 50-жылдардагы Сицилияга айланып баратат, “премьер рингге келсин” – деп ачууланган.
Түштөн кийин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев чакырууну кабыл алып, Жогорку Кеңешке келип, депуттардын кулагына “кесмеден илип”, бирок, акыркы мезгилде өлкө аймагында бир катар оор кылмыштар катталганын моюнга алып, бирок жалпы абал туруктуу экенин белгиледи! Так что, көп ызылдабагыла.
Ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиев быйыл өткөн жылга салыштырмалуу кылмыш көбөйгөнүн, алардын баары укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө экенин “тарс-турс” айтты. «Бизнесмен Айэркен Саймаитиге 2017-жылы өз өнөктөшүн 3,1 миллион долларга алдап кеткенине байланыштуу Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. Ал 2019-жылдын 10-ноябрында Стамбул шаарында эки адам тарабынан атып өлтүрүлгөн. Ыкчам издөөнүн жыйынтыгында үч адам колго түштү. Азыр түрк полициясы ал факты боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө», - деди. “Ыкчам издөөнүн жыйынтыгында үч адам колго түштү” деп кыргыз милициясы кармагандай эле айтып салды да, антпесе...
Булак: NazarNews.kg