www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 25-декабрында КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары –УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиевдин катышуусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин "Альфа" атайын багыттагы кызматынын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага УКМК жетекчилиги, аймактык бөлүмдөрдүн башчылары жана улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы К.Ташиев куттуктоо сөзүндө атайын күчтөрдүн кызматкерлеринин жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүн, эрдигин жана Мекенге берилгендигин белгиледи:
“Урматтуу УКМКнын "Альфа" атайын багыттагы кызматынын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерди жаңы имаратыңыздардын ачылышы менен куттуктайм. Сиздердин кайраттуулугуңуздар, берилгендигиңиздер жана жогорку кесипкөйлүгүңүздөр өлкөбүздүн коопсуздугунун негизги ачкычы болуп саналат. Сиздер чыныгы баатырларсыздар, ар дайым жарандарды жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого даярсыздар. Сиздерге чың ден соолук, кызматыңыздарда ийгилик, ал эми үй-бүлөңүздөргө тынчтык жана бакубатчылык каалайм.”
Иш-чаранын расмий бөлүгү аякталгандан соң, генерал-полковник К.Ташиев жаңы имараттын иштөө шарттары жана инфраструктурасы менен таанышып, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Аны менен катар, "Альфа" атайын багыттагы кызматы үчүн спорт комплексинин курулушуна капсула салуу аземи да өткөрүлдү. Аталган спорттук имарат жоокерлердин физикалык жана кесиптик машыгуу системасынын маанилүү бөлүгүнө айланып, алардын ден соолугун жана согуштук даярдыгын жакшыртууга жардам берет.