www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Жапаров таза шайлоо өткөрүү тууралуу, БШК төрайымы Шайлдабекова жакшы көрүү сезимине жеткенин, Кумтөр, Мегаком тууралуу пикирлерин ортого салды. Ал эми ушул эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский пресс-конференция өткөзүп жатып 1-декабрда бийликти куралдуу күч менен алууга камынып жаткан төңкөрүшчүлөрдүн атын атады.

Алардын башында президенттик шайлоодо Зеленскийди колдоп келген украиналык олигарх-көпөс Ринат Ахмедов турат. Бул төңкөрүшкө миллиард доллар бөлүнгөн. Ринат Ахмедов экс-президент Кучманын никесиз уулу экенин украиналыктар билет. Ал Донецкте туулган. Ринат Ахмедов бул маалымат жалган экенин айтып чыкты. Украинанын Кыргызстанга окшош жерлери бар. Экөө тең СССРдин чепкенин чечишкен, Украинада башталган түстүү революция Кыргызстанга жеткен. Украинада СССРди Ельцин, Шушкевич болуп бөлгөн Леонид Кравчуктан кийин, Леонид Кучма, Виктор Ющенко,Виктор Янукович, Петр Порошенко, Владимир Зеленский алты президент алмашты. Бизде Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков, Жапаров болуп алтынчы президент менен иштеп жатабыз. Украинада Кучманы майдан түзүшүп, түстүү революция жасап алышкан. Эми Кучманын никесиз уулу Ринат Ахмедов 1-декабрда бийликти куралдуу күч менен алууга камынып жатканы туурлуу президент Зеленский билдирди.

Ал эми Кыргызстанда 2021-жылдын 27-ноябры парламенттик шайлоого үгүт мыйзам боюнча токтотулган. Бирок парламенттик шайлоодо өтпөй кала турган партиялар биригишип ызы-чуу уюштурары тууралуу сөз жүрүп жатат. Буга чейин эле өлкөдө бийликти күч менен басып алууну пландаштырган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматка ылайык, алдыдагы парламенттик шайлоонун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча УКМК жана ИИМ тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, шайлоодон кийин дароо өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландаштырган адамдардын тобу боюнча маалымат алынган.

Белгиленгендей, бул боюнча УКМК тарабынан КР Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери («Бийликти күч менен басып алууга даярдануу») менен сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, Башкы прокуратура тарабынан ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлгөн.

Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө тергөө судьясы тарабынан санкцияланган атайын ыкчам-тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, айрым бир деструктивдүү саясий күчтөр, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы жогорку жетекчи кызматтагы адамдар жетектеген адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттери тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган.

Алдыдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин бул топ айрым саясий күчтөрдүн, анын ичинде шайлоодо утулуп калгандардын колдоосуна таянып, Бишкек шаарынын аймагында кырдаалды курчутуу менен массалык нааразычылык акцияларын, укук тартибин сактоочу күчтөр менен кагылышууларды уюштуруу аркылуу бийликти күч менен басып алууну пландаганы аныкталган.

Бул максатта кылмыштуу топ бийликти күч менен басып алууга түрткү болуу үчүн миңге жакын агрессивдүү жаштарды массалык нааразылык акцияларын уюштурууга топтоп, алар менен мамлекеттик түзүмдөргө каршы идеологиялык мамиле жасоо багытында системалуу жолугушуулар өткөрүлүп, массалык баш аламандыктарды чыгаруу пландары талкууланган.

Аталган топтун кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюу максатында үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында УКМК жана ИИМ тарабынан активдүү катышуучулардын жашаган жеринде жана алар ижарага алышкан кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында кылмышка даярдангандыгын тастыктаган документалдык материалдардан тышкары ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана баңги заттары табылып алынды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы жана тергөө учурунда алынган төгүндөлгүс далилдердин негизинде, аталган адамдардын тобунун 15тен ашык активдүү мүчөлөрүн кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, азыркы учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланып жатат, жогоруда аталган кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү аныкталып, алардын аракеттерине да тиешелүү юридикалык баа берилет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости