www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын алты регионунда бүгүнтөн тарта коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында бош күндөр башталды. 20-октябрда президент Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейинки жуманы эс алуу күндөрү деп жарыялап, бирок жергиликтүү бийликтерге эпидемииялык кырдаалга жараша аны узартуу же кыскартуу мүмкүнчүлүгүн берген.
Бош күндөрдө ишкана менен кеңселердин көбү жабык болот, бирок оорукана, дарыкана, азык-түлүк дүкөндөрү кандимкидей тартипте иштей бермекчи. Көпчүлүк коомдук жайларга QR-код менен гана кирсе болот. Айрым аймактарда улгайган кишилер милдеттүү түрдө обочодо болууга тийиш.
Москвада 25-октябрда жаңы чектөөлөр ишке кирди. Мэрдин буйругу менен 60 жаштан ашкан тургундар жана өнөкөт оорулары бар кишилер үйдө отуруш керек. Бул чектөө эмки жылдын 25-февралына чейин иштейт. Бирок эреже акыркы жарым жылда коронавирустан айыккандарга жана толук эмделгендерге жайылбайт. Ишканалардагы кызматкерлердин 30% алыстан иштөөгө өттү.
Ал эми 28-октябрдан 7-ноябрга чейин башкалаа жана Москва облусу карантинге жабылат. Орусияда сентябрдын этегинен бери коронавирус илдетине кабылгандар жана андан көз жумгандар көбөйүп жатат. 19-октябрдан бери бир суткада коронавирустан бир миңден көп киши каза болууда.
Булак: NazarNews.kg