www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө башчы Садыр Жапаров 13-майда Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычына барды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармакта билдирди.
Ал суу сактагыч 1965-жылы курулганын жазды.
«Чүйдө ушундай керемет жер бар экенин көпчүлүк деле билбесе керек. Суу сактагыч толгон кезде суу токойду басып калат. Мына ошонусу менен кызыктуу.
Март айынан июндун ортосуна чейин туристтердин көңүлүн буруп, кошуна мамлекеттерден бери келип сүрөткө түшүп кетишет.
Буга чейин жеке адамдар тейлөө кызматтарын көрсөтүп, жетиштүү деңгээлде шарты жок болчу.
Бүгүн Президентибиз Садыр Нургожоевич өзү келип көрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга элге жана туристтерге шарт түзүп, көркүнө келтиргиле деген тапшырма берди.
Буюрса, бул аймак дагы алдыңкы жылдары эң алдынкы туристтик жайга айланат. А-фрейм үйлөр, ресторандар, сейилдеп жүрчү жолдор курулат», - дейт Орунбеков.