www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Ала-Тоо - 3 конушунда Бишкектин тегерегиндеги жерлеринин кызыл китеби жок жаңы конуштардын тургундары менен жолугууда. Президент менен жолугушууга миңдей адам келген. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.
Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 1-майга чейин 11 миңден ашык түтүнгө кызыл китеп берилерин, Кыргызстанда документи жок үй болбош керектигин айтты. Жолугушууга келген жаңы конуштун тургундары кызыл китептен тышкары социалдык объект, коомдук транспорт көйгөйлөрүн айтты. Жапаров 15 жылдан бери чогулган маселелер 1-2 жылда чечилерин билдирди.
Буга чейин Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жашоочулардын жер тилкелери мыйзамдаштырылары белгилүү болгон. Бул тууралуу тийиштүү мекемелерге тапшырма берилгенин президент Садыр Жапаров 15-ноябрда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда айткан.
Ошондой эле ЖЭБ-2нин жанындагы конушту Бишкек шаарынын курамына киргизүү жөнүндө маселени чечүү тапшырылганы айтылып, Сокулук районунун администрациясына тийиштүү документтерди топтоону тапшырган.
Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.
Президент жаңы конуштардын тилкелерин трансформациялоо маселеси узак жылдардан бери чечилбей келгенин айтып, ошону менен бирге мындан ары жер басып алуу деген түшүнүк болбойт деп келет.
Булак: NazarNews.kg