www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында профессионалдык боксчу жана 2023-жылы бокс боюнча дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу менен жолугушту.

Мамлекет башчысы спортчунун жетишкендиги ар бир кыргызстандык үчүн чоң сыймык болгонун белгиледи. «Сен көз карандысыз Кыргызстандын соңку жаңы тарыхына бокс боюнча дүйнө чемпионатынын байгесинин ээси катары биринчи болуп кирдиң. Өзүң билгендей, 1986-жылы көрүнүктүү мушкерибиз Орзубек Назаров коло медалдын ээси болсо, 1989-жылы Андрей Курнявка дүйнө чемпиону болгон, ал эми 1991-жылы күмүш медалга жетишкен. Сен жана сенин машыктыруучуларың Союз маалында атагы чыккан кыргыз бокс мектебинин кайра жандануусун дүйнөгө көрсөткөнүң абдан маанилүү», — деди Садыр Жапаров.

Президент эми боксту жакшы билген ар бир кыргызстандык Мунарбек Сейитбек уулунунжеңиштерине кубанып, эл аралык жана дүйнөлүк турнирлерде анын мындан аркы жеңиштерине ишенерин баса белгиледи. «Сен жаш мушкерлердин келечекте медалдарга жетишсе болот, деген ишенимин бекемдедиң. Дагы бир жолу алтындан кем калбаган сыйлык менен куттуктайм. Сенин жеңишиң сага атак-даңк алып келди, бирок аны менен бирге Мекен алдында чоң жоопкерчиликти жүктөдү: азыр сенин атың көптөгөн жаш мушкерлерге үлгү болуп калды. Сен аларга өрнөк жана стимул болушуң керек. Ошондуктан, катуу машыгууну улантып, андан да чоң жеңиштерге жетиш. Ата-энең, машыктыруучуларың жана бүтүндөй кыргыз элиң сени колдоп жатышат«, — деди ал.

Насаат сөзүн айткандан кийин мамлекет башчысы Мунарбек Сейитбек уулуна Ош шаарындагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу 1996-жылы Ош шаарында туулган. Ал сегиз жашынан баштап бокс менен машыгып, 2017-жылдан бери Кыргыз Республикасынын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү. Мунарбек Сейитбек уулу эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Дүйнө чемпионатынын коло медалын жеңип алды. Бокс боюнча дүйнөлүк биринчилик 2023-жылдын 1-14-майында Ташкент шаарында өткөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости